Баткен облусунда электр тармактары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Баткен облусунда электр тармактары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Баткен облусунда калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Акыркы күндөрү аба ырайынын кескин суукташы электр энергиясына болгон жүктөмдү жогорулаткан. Ошого карабастан, учурда облус боюнча кырдаал туруктуу болуп, электр жарыгы өчүрүлгөн участоктор жок.

Электр тармактарынын ишин камсыз кылуу максатында Кызыл-Кыя, Кадамжай, Баткен, Лейлек жана Сүлүктү аймактарында 5 ыкчам топ күнү-түнү иш алып барууда.

Авариялык учурларга ыкчам чара көрүү үчүн 22 чыгуучу бригада, атайын техникалар жана нөөмөттүк автоунаалар даярдалып, керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

Баткен электр тармактар ишканасы аймактагы абал толук көзөмөлдө экенин билдирип, калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 528 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Чүйдө мыйзамсыз таштанды төгүүчү жай тазаланды

Жетекчилер Бишкек ЖЭБде жыйын өткөрүштү

Ашууларда жолдор ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз

Жогорку Кеңеште тамак-аш коопсуздугу боюнча комиссиянын жыйыны өттү