Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы былтыр 3,8 млрд кВт/саат болгон

Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы былтыр 3,8 млрд кВт/саат болгон

Жогорку Кеңеште "Кайра жаралуучу энергия булактары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Документти энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков тааныштырды.

Депутат Махабат Мавлянова өлкө боюнча электр энергиясынын тартыштыгынын көлөмүнө кызыкты.

Алтынбек Рысбековдун маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 3,8 млрд киловатт-саатты түзгөн.

Анын айтымында, бул тартыштык импорттолгон электр энергиясынын эсебинен жабылып келет.

Быйыл да электр энергиясынын жетишсиздигин жабуу коңшу мамлекеттерден электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдерди түзүү жана кайра жаралуучу энергия булактарын ишке киргизүү программасын ишке ашыруу аркылуу камсыздалат.

Махабат Мавлянова импорттолуп жаткан электр энергиясынын 1 киловатт-саатынын баасын айтууну суранды. Бирок министрликтин өкүлү бул суроого жооп берүүдөн баш тартып, маалымат мамлекеттик сыр экенин билдирди. Алтынбек Рысбеков аталган маалыматты депутатка жеке өзү берүүгө убада кылды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады

Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, аймактык жана эл аралык күн тартиби талкууланды. Өзгөчө көңүл президент Садыр Жапаровдун Иран президенти Масуд Пезешкиан

Ишкер Media
SCAT Бишкектен Саньяга түз каттам ачат

SCAT Бишкектен Саньяга түз каттам ачат

Декабрдын башынан тартып SCAT авиакомпаниясы Бишкек - Санья - Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору АКК билдирди. Маалымдалгандай, түз аба каттам Кыргызстандыктарга Кытайдын эң популярдуу курортторунун бири - Хайнань аралындагы Санья шаарына которулмаларсыз жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы чартер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туризмди өнүктүрүп, жүргүнчүлөр үчүн дагы бир

Ишкер Media
Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы жетим баланын мүлктүк укугун калыбына келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда В.К. аттуу томолой жетим баланын турак-жайы жок экени жана мыйзамда каралган тартипте үй менен камсыздалбаганы аныкталган. Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин балага Богатыровка айылынан үй куруу үчүн 600 чарчы метр жер

Ишкер Media
Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУ алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкка артыкчылык берерин белгилеп, Уюмдун аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүү зарылдыгын

Ишкер Media