Чүйдө ири энергетикалык долбоорлор ишке ашууда

Чүйдө ири энергетикалык долбоорлор ишке ашууда

Энергетика министрлиги электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Чүй облусунда бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Сокулук районунда 110/35/10 кВ "Манас" көмөкчордонунун үчүнчү кезегинин курулушу башталды. Долбоордун алкагында кубаттуулугу 40 МВА болгон трансформатор орнотулуп, жаңы турак жай конуштарды жана "Манас" эл аралык аэропортун туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу пландалууда.

Мындан тышкары, 2026-жылы 110/35/10 кВ "Күн-Туу" көмөкчордонунун экинчи кезегин куруу каралган. Бул долбоор кошумча трансформатор орнотуу аркылуу көмөкчордондун кубаттуулугун 50 МВАга чейин жогорулатат.

Ошондой эле Токмок шаарындагы 220/110/35/10 кВ "Чүй" көмөкчордонунун экинчи кезеги курулуп жатат. Долбоор Чүй, Ысык-Ата жана Кемин райондорун туруктуу электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртат.

Андан сырткары, Чүй районунда темир-бетон мамыларды чыгаруучу заманбап цех куруу пландалууда. Бул ишкана жылына 6 миңге чейин продукция чыгарууга мүмкүнчүлүк берип, жаңы жумуш орундарын түзөт.

Жалпысынан бул долбоорлор аймактагы энергетикалык инфраструктураны жаңылоого, электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга жана жаңы керектөөчүлөрдү кошууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media