Президенттин катышуусунда “Сокулук”, “Туюк” чакан ГЭСтери ишке кирди

Президенттин катышуусунда “Сокулук”, “Туюк” чакан ГЭСтери ишке кирди

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районундагы “Сокулук” жана “Туюк” чакан ГЭСтерин ишке киргизүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 48 чакан ГЭС иштейт, алардын жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт. Алар энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоодо, импортко болгон көз карандылыкты азайтууда бир топ роль ойнойт”, - деди Президент.
Президент долбоор Улуттук инвестициялар агенттигинин көмөгү аркылуу “Сокулук ГЭС-3” ЖЧКсы менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылганын билдирди.

Келишимдин алкагында эки чакан гидроэлектр станциядан турган каскад курулду. Биринчиси - Сокулук дарыясында кубаттуулугу 9,7 МВт, экинчиси - анын куймасы Туюкта 5,9 МВт. Эки ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 15,6 МВтты түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү