Кеминдеги курулуп жаткан ГЭСке 16 млн 353 миң сом  айып салынды

Кеминдеги курулуп жаткан ГЭСке 16 млн 353 миң сом  айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы «Энергия Будущего» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө пландан тышкары текшерүү жүргүздү.

Аталган компания Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн Сары-Күнгөй коктусунда чакан ГЭС куруп жаткандыгы аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары, анын ичинде курулуш иштерин жүргүзүүдө экологиялык ченемдердин сакталбагандыгы аныкталган. Бул жагдай курчап турган чөйрөгө терс таасирин тийгизген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы:
Экологиялык талаптардын бузулушу катталды;
Жаратылыш чөйрөсүнө терс таасир этүү фактысы тастыкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн так мөөнөттөрү белгиленген эскертүү берилди. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 16 миллион 353 миң 792 сом өлчөмүндө доо арыз коюлду. 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media