Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата энергетикалык тармакта даярдык көрүлүүдө

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата энергетикалык тармакта даярдык көрүлүүдө

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү максатында объекттерди электр энергиясы менен камсыз кылуу жана энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Григорьевка айылында 10 кВ чыңалуудагы узундугу 17,7 чакырым болгон жаңы электр берүү чубалгысы заманбап өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымдар (СИП) менен курулууда. Долбоордун алкагында 535 электр мамылары орнотулуп, 1200 дөн ашык изоляторлор коюлат. Бул өз кезегинде объекттерди туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түзөт. Бүгүнкү күндө 200 гө жакын темир бетон мамылар, 636 изоляторлор жана 315 траверсалар орнотулуп бүттү.
Ошону менен катар узундугу 16 чакырым болгон 10 кВ аба чубалгылары реконструкциядан өткөрүлүүдө. Жаңылоо иштеринин жүрүшүндө эски алюминий зымдар жана жыгач мамылар заманбап СИП зымдарына жана темир-бетон мамыларга алмаштырылууда. Бул иштердин алкагында миңге жакын жаңы изоляторлор орнотулат.

Мындан тышкары , "Григорьевка" 110/10 кВ көмөк чордонунда 110 кВ чыңалуудагы эки заманбап элегаздык өчүргүч орнотулат. Жаңы жабдуулар кыска туташуулар болгон учурда автоматтык түрдө өчүрүү функциясына ээ болуп, ошондой эле электр чынжырларын жүктөм алдында кошуу жана өчүрүү үчүн колдонулат. Бул энергетикалык системанын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун кыйла жогорулатат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media