Электр энергиянын баасы 3,03 сомду түзөт

Электр энергиянын баасы 3,03 сомду түзөт

Кыргызстанда быйылтан тарта электр энергиясынын 1 киловатт саатынын өздүк наркы 3,03 сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ишеним” депутатык тобунун жыйынында Энергетика министрлигине караштуу отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Тимур Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, калк электр энергиясынын ар бир киловатт сааты үчүн 1,37 сом тариф менен төлөйт.
“Бул өздүк нарктын болгону 45,6 пайызын түзөт, калган бөлүгү мамлекеттин жүгүнө түшөт. Жыл сайын электр энергиясынын тарифи 20–30 тыйынга кымбаттап жатат. Социалдык лимит 700 киловатт саат болуп эсептелет”, -  деди Тимур Орозалиев.
Ал ошондой эле энергетика тармагында модернизация жана жабдууларды сатып алуу үчүн каражат жетишсиз экенин кошумчалады.

Депутат Суюнбек Өмүрзаков электр энергиясын керектөө көбөйүп жаткандыгына байланыштуу калк үчүн социалдык лимитти жогорулатууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media