Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрү энергетика маселесин талкуулашты

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрү энергетика маселесин талкуулашты

Бүгүн Бишкек шаарында Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика тармагына жооптуу мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кезектеги кварталдык жумушчу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигенен билдиришти.

Жыйынга энергетика министри Таалайбек Ибраев, “КУЭТ” ААКнын башкы директору И. Сыдыгалиев, “Электр станциялар” ААКнын башкы директору А. Садыров жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Өзбекстандан энергетика министри Ж. Мирзамахмудов жеке өзү катышса, суу чарба министри Ш. Хамраев онлайн форматта сөз сүйлөдү. Анын орун басары Зокир Ишпулатов жыйынга оффлайн катышты. Казакстан тараптан энергетика министри Е. Аккенженов жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Джума жыйынга онлайн кошулуп, делегациянын башка өкүлдөрү да катышты.

Жыйындын негизги максаты 2026–2027-жылдардагы вегетация мезгилинде аймактагы суу-энергетикалык системалардын туруктуу жана макулдашылган режимде иштөөсүн камсыз кылуу маселелерин талкуулоо болду.

Тараптар аймактагы энергетикалык системалардын өз ара тыгыз байланышын белгилеп, ишенимге негизделген кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Айрыкча Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүн сактоо үчүн координацияланган аракеттерди күчөтүүгө ниеттеништи.

Ошондой эле күз-кыш мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары каралып, энергетикалык жүктөмдөрдү тең салмактоо жана системалардын туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында тараптар макулдашылган режимдерди ишке ашырууну улантуу, тармактар аралык координацияны чыңдоо жана аймактык энергетикалык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча орток пикирге келишти.

Кийинки жолугушуулар 2026-жылдын май айында Ташкент шаарында, ал эми июнь айында Бишкек шаарында өткөрүлөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media