Бишкекте жаңы объектилерди электр энергиясы менен камсыздоо күчөтүлүүдө

Бишкекте жаңы объектилерди электр энергиясы менен камсыздоо күчөтүлүүдө

“КУЭТ” ААКнун Бишкек электр тармактар филиалы шаарда жаңы салынып жаткан объектилерди туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо боюнча ири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда шаар аймагында заманбап кабелдик чубалгылар тартылып жатат. Анда жогорку жүктөмгө туруктуу жана ишенимдүүлүгү жогору болгон АПвБПуг маркасындагы (сшитый полиэтиленден) кабелдер колдонулууда.

Учурда электр линияларын төмөнкү объектилерге тартуу иштери жүрүп жатат:

-        электромобилдерди кубаттоо станцияларына — 6 линия

-       жаңы автобекеттерге — 2 линия

-        Ош базарына — 8 линия

-        турак жай комплекстерине — 4 линия

Жалпы эсепте 20 кабель линиясы тартылып, алардын узундугу 46 чакырымга жетет.

Бул иштер шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы объектилерди сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү