"Чакан ГЭС" Лебединовка ГЭСин реконструкциялоону баштайт

"Чакан ГЭС" Лебединовка ГЭСин реконструкциялоону баштайт

Кыргызстанда энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Анын алкагында "Чакан ГЭС" ААК Лебединовка ГЭСин реконструкциялоону жүргүзүүдө. Долбоордун жалпы баасы 13,8 млн еврону түзөт, анын 8,8 млн евросу кредиттик каражат болсо, 5 млн евросу грант болуп саналат. Каржылоо Финансы министрлиги жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен түзүлгөн макулдашуулардын негизинде камсыздалган.

Тендердин жыйынтыгында 2025-жылдын 30-декабрында башкы подрядчы катары China National Heavy Machinery Corporation компаниясы тандалып, келишим түзүлгөн. Учурда объектте топографиялык жана инженердик изилдөөлөр аяктап, долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, "Чакан ГЭС" ААК Ылдыйкы Тар ГЭСин куруу жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоону камтыган KRED долбоорун да ишке ашырууда. Бул долбоор боюнча 2025-жылдын декабрь айында Qing Yuan Engineering Consultants Ltd. компаниясы менен техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) даярдоо үчүн келишим түзүлгөн.

2026-жылдын январында адистер объекттер жайгашкан аймактарга барып, жеринде изилдөө жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында баштапкы отчет даярдалып, учурда геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана курулушту долбоорлоо үчүн подрядчыны тандоого техникалык тапшырмалар иштелип чыгууда.

Белгилей кетсек, KRED долбоорун ишке ашырууга Дүйнөлүк банк тарабынан 43,2 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Бул долбоорлор өлкөнүн энергетикалык кубаттуулугун жогорулатууга жана электр энергиясын туруктуу камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media