Чаткалда ГЭСтер каскадын куруу долбоору башталды

Чаткалда ГЭСтер каскадын куруу долбоору башталды

Бүгүн, Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында Чаткал районундагы ГЭСтер каскадын куруу иштерине старт берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиршти.

Маалымака ылайык, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Чаткал ГЭС каскад долбоорунун илимий жетекчиси Акылбек Жапаров, Чаткал районунун акими Алтынбек Сенирбаев, Кытайдын “SINOMACH” компаниясынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Анын алкагында, эки ири энергетикалык долбоордун курулушу да башталды. Тактап айтканда, Каныш-Кыя айыл аймагынын “Кара-Корум” тилкесинде кубаттуулугу 5 МВт болгон муниципалдык чакан ГЭСтин, ошондой эле Жаңы-Базар айылында кубаттуулугу 1 МВт болгон муниципалдык күн электр станциясынын курулушуна старт берилди.

Чакан ГЭС жылына орточо 20 млн кВт/саатка жакын электр энергиясын өндүрүүгө жөндөмдүү болсо, күн электр станциясы жылына 1,6 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгарат. Бул көрсөткүчтөр аймактагы электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтып, импортко болгон көз карандылыкты төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт.
Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жалпысынан 8 миллион долларга жакын инвестиция тартылат. Каржылоо булактары катары мамлекеттик колдоо, муниципалдык ресурстар жана жеке инвесторлордун каражаттары каралган.

Курулуш иштери аяктагандан кийин 100дөн ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт.Чаткал районундагы ГЭСтер каскадын куруу долбоору мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ишке ашырылып, ага 259,8 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартылат. Мындан тышкары, миң гектардан ашык жер аянттары сугат суу менен камсыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media