Кыргызстанда 3 айда тоо кендерин, көмүр өндүрүү көбөйдү

Кыргызстанда 3 айда тоо кендерин, көмүр өндүрүү көбөйдү

2026-жылдын январь–март айларында тоо-кен тармагында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 21 млрд 303 млн 800 миң сомду түздү. Физикалык көлөмдүн индекси 2025-жылдын биринчи чейрегине салыштырмалуу 30,4%га өстү.

Март айында эле ишканалар 6 млрд 694 млн сомдон ашык суммада продукция өндүрүшкөнү Улуттук статистика комитетинын маалыматында айтылат.

Эң жогорку өсүш башка пайдалуу кендерди казуу секторунда байкалып өндүрүү көлөмдөр 2,9 эсеге көбөйдү. Айрыкча шагыл, гравий жана майдаланган таш өндүрүү 699 миң 600 тоннага жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 2,6 эсеге өстү.

Табигый кум казуу 84,8%га көбөйүп, дээрлик 296 миң тоннаны түздү.

Металл рудаларын казуу сектору 44,2% өсүштү көрсөттү. Көмүр тармагында да оң динамика сакталууда: казып алуу 1,8%га көбөйдү. Күрөң көмүрдүн көлөмү 16,7%га өсүп (867 миң 500 тоннага чейин), ал эми таш көмүр казуу 28,3%га кыскарды.

Жалпы өсүшкө карабастан, чийки нефть жана жаратылыш газы өндүрүшү 11,9%га азайды. Үч ай ичинде жер казынасын пайдалануучулар 59 миң 100 тонна нефть өндүрүшкөн, бул 2025-жылдын биринчи чейрегине караганда 12,2%га аз.

Жаратылыш газынын көлөмү да 2,1%га кыскарып, 9 млн 400 миң куб метрди түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Коомдук талкуу: рулу оңдон солго которулган унааларды каттоо сунушталды

Коомдук талкуу: рулу оңдон солго которулган унааларды каттоо сунушталды

Кыргызстанда рулу оң жактан сол жакка которулган унааларды каттоого мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирип, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Сунушка ылайык, рулу оң жактан сол жакка жылдырылган автоунаалар легалдаштырууга жатпаган транспорт каражаттарынын тизмесинен чыгарылат. Мындай унаалардын ээлери каттоодон өтүү үчүн техникалык экспертизанын корутундусун алууга

Мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун аткарылышына баа берилди

Мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун аткарылышына баа берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорун ишке ашырууну баалоо боюнча жыйын өттү. Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, жыйында мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун учурдагы абалы, аларды ишке ашырууда жаралган көйгөйлөр жана чечүү жолдору каралды. Ошондой эле долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик органдардын өз

Жалпы салмагы 460 кг жакын декларацияланбаган товар аныкталды

Жалпы салмагы 460 кг жакын декларацияланбаган товар аныкталды

“Нарын” бажысынын Контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Чек ара кызматынын кызматкерлери биргеликте ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган товарлардын ири партиясын өткөрүү аракетине бөгөт коюшту. Бажы кызматынан маалымдагандай, КЭР жараны башкарган жүргүнчү ташуучу автобусту текшерүү учурунда, бажы кызматкерлери белгиленген тартипте декларацияланбаган жалпы салмагы 460 кг жакын 20 товарлардын түрүн

Кыргызстан Антальяда өтө турган КС31 климаттык конференциясына даярданууда

Кыргызстан Антальяда өтө турган КС31 климаттык конференциясына даярданууда

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 9-20-ноябрында Түркиянын Анталья шаарында өтө турган Климаттын өзгөрүшү жөнүндө БУУнун Алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясына (КС31) даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрликте Кыргызстандын делегациясынын КС31ге катышуусуна даярдык көрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Ага министрдин орун