1-майдан тарта электр энергиянын баасы кымбаттайт

1-майдан тарта электр энергиянын баасы кымбаттайт

1-майдан тарта Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа кымбаттайт. Өзгөртүүлөр Энергетика министрлиги тарабынан 2025–2030-жылдарга карата орто мөөнөттүү тарифтик саясатты ишке ашыруунун алкагында киргизилүүдө. Ага ылайык, жаңы тариф 2сом 60 тыйындан 2сом 94 тыйынга чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көлдөгү Жазы-Кечүү айылынын тургундарына өзгөчө шарттар колдонулат. Алар үчүн керектелген электр энергиясынын бир бөлүгү Токтогул ГЭСин куруудан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө мыйзамга ылайык өздүк наркы боюнча төлөнөт.

Министрлик тарифтерди жөнгө салуу энергетика системасынын туруктуу иштешин камсыз кылууга жана электр энергиясынын чыгымдарын акырындык менен теңдештирүүгө багытталганын белгилейт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү