Келечектин кесиби жана таза энергетика: Бишкекте “Атомдук сабак” өттү

Келечектин кесиби жана таза энергетика: Бишкекте “Атомдук сабак” өттү

2026-жылдын 29-апрелинде борбордогу №68 мектеп-гимназияда “Атомдук сабак” болуп өттү. Бул иш-чара “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын мектеп окуучулары жана мугалимдер арасында илимди жайылтуу үчүн иштелип чыккан чоң “Атомариум” программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Иш-чарага заманбап илимий жетишкендиктер жөнүндө жеткиликтүү формада билүү үчүн 80ге жакын окуучу катышты.

Сабакты гимназиянын директору Саадат Жумакунова жана “Росатомдун”  Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов ачышты.

“Биздин мектеп үчүн бул физика китебинен тышкары, окуучуларга илимий билимдерди тажрыйба жүзүндө кантип колдонуу керектигин көрсөтүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болуп жатат. Мындай жолугушуулар окуучуларга келечектеги кесибин заманбап технологиялык тармактан чындап көрүүгө жардам берет”, - деп белгиледи Саадат Жумакунова.

Сабактын негизги бөлүгүн физика мугалими Жамила Садыкова алып барды. Педагог фундаменталдык илимий ачылыштардын маңызын жана күнүмдүк жашоодо тынчтык атому өз ордун кантип таап жатканын түшүндүрүп берди.  Кеп илимдин жетишкендиктери технологияга негиз болуп, азыркы замандагы адамдын жашоосун ыңгайлуураак жана коопсуз кылып жаткандыгы тууралуу болду.

Бул технологиялар Кыргызстанга түздөн-түз кантип жайылтылып жаткандыгы тууралуу Дмитрий Константинов айтып берди. Ал Кыргызстан менен бир нече багытта кызматташуу жүрүп жаткандыгын түшүндүрүп өттү. Мисалы, саламаттыкты сактоо тармагына Россия Федерациясынан “Технеция-99m” генераторлорун жеткирүүнүн натыйжасында өлкөдө маанилүү радионуклиддик бейтаптарды текшерүү кайрадан жанданды. Ал эми  алдыдагы план боюнча Улуттук онкология жана гематология борборунда (УОГБ) ядролук медицина борбору түзүлсө, онкология жана башка ооруларды аныктоо жана дарылоонун алдыңкы ыкмалары колдонулмакчы.

“Мындай сабактардын максаты эң жөнөкөй - жаштар арасында илимди жайылтуу жана азыр суроо-талап зор болуп жаткан кесипке балдарды чакыруу. Бүгүнкү күндө Кыргызстан “Росатом” менен биргеликте жогорку технологиялык тармактарды активдүү өнүктүрүп жатат жана өлкөгө бул багытта иштөө үчүн таланттуу адистер керек болот”- деп белгиледи Дмитрий Константинов.

Суроо-жооп сессиясында мектеп окуучулары чакан атомдук электр станцияларынын жана башка заманбап технологиялардын коопсуздугу, келечеги жөнүндө кеңири маалымат алышты.

Мындай “Атомдук сабак” биринчи жолу 2025-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн жана азыр бул билим берүү демилгеси Бишкекте ийгиликтүү колдоого алынууда.


 Маалымат үчүн:

 “Атомдук сабак” - бул мектеп аудиториясы жана мугалимдер коомчулугунун арасында ядролук технологиялар менен ядролук илимдеги жетишкендиктерди жайылтууга багытталган “Атомариум” илимий-билим берүү программасынын уникалдуу долбоору. Долбоордун материалдары мугалимдерге окуу программаларын ар турдүү кылууга жана ядролук өнөр жай жөнүндө билим берүүнүн булагы болууга жардам берет.

“Росатом” мамлекеттик корпорациясы Кыргыз Республикасы менен биргеликте өлкөдө энергетика жана саламаттыкты сактоо тармактарында стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууда. 2024-жылдын декабрында “Росатом кайра жаралуучу энергия” АК жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргызстандын аймагында биринчи шамал электр станциясын (Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Көк-Мойнок айылында) куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюшкан. 100 МВт кубаттуулуктагы объект жылына 280 млн кВт/с жакын “жашыл” энергияны өндүрөт. 2023-жылдан баштап саламаттыкты сактоодо энергетикалык эмес ядролук технологияларды колдонуу боюнча кызматташуу жүргүзүлүп келет. Ошондой эле 2025-жылы Кыргыз Республикасынын ӨКМ менен биргеликте “Кристалл” заводундагы кооптуу химиялык калдыктарды жок кылуу долбоорун ишке ашыра баштаган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media