Камбар-Ата ГЭСин куруу боюнча сүйлөшүүлөр өттү

Камбар-Ата ГЭСин куруу боюнча сүйлөшүүлөр өттү

Ташкент шаарында Кыргызстан жана Өзбекстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана уюмдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн делегациялардын катышуусунда 28-30-апрелде "Камбар-Ата-1 ГЭСин" куруу долбоору боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору талкууланды.

Катышуучулар бул долбоор бардык тараптар үчүн маанилүү жана экономикалык жактан пайдалуу экенин белгилешти.
Ошондой эле өлкөлөрдүн экономиканын өнүгүшүнө мультипликативдик таасир тийгизүү менен катар, калк ортосундагы бекем достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөөрү айтылды.

"Камбар-Ата-1 ГЭСи" долбоору Кыргызстандын аймагында Нарын дарыясында ишке ашырылып жаткан ири энергетикалык объект болуп саналат.

Кубаттуулугу 1880 МВт болгон гидроэлектр станциясы өлкөнүн энергетикалык потенциалын жогорулатууда жана аймактагы энергетикалык системалардын туруктуулугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү