Кытай менен Кыргызстан ортосунда энергетика тармагында кызматташуу тереңдейт

Кытай менен Кыргызстан ортосунда энергетика тармагында кызматташуу тереңдейт

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев менен биргеликте энергетика министри Таалайбек Ибраев 26-апрелден 1-майга чейин Кытай Эл Республикасынын Чжэцзян провинциясында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун “Жашыл жана туруктуу өнүгүү”форумуна катышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Иш сапардын алкагында 30-апрель күнү Ханджоу шаарында Кыргыз-Кытай бизнес форуму өтүп, 150дөн ашык бизнес өкүлдөрү катышты. Эки өлкөнүн ортосунда практикалык кызматташтыкты тереңдетүү, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жолугушуулар өткөрүлдү. 

Энергетика тармагындагы келечектүү ири долбоорлор, кыргыз энергетикасынын потенциялы тууралуу презентация тартууланып, ишканалардын жана уюмдардын өкүлдөрү менен ачык диалог түзүүгө, кызматташуунун алдыдагы келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жолугушуунун алкагында кытай компанияларынын жана соода-өнөр жай өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика тармагындагы долбоорлорго катышууга кызыктар экенин билдиришип, бир катар суроолорду узатышты. Өз кезинде энергетика министри Т.Ибраев алардын ар бир суроосуна жана сунушуна так жана жеткиликтүү жооп узатып, ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кыргыз тарап инвесторлор менен кызматташууга дайым даяр экенин билдирди. 

Мындан тышкары окуңуз

Коомдук талкуу: рулу оңдон солго которулган унааларды каттоо сунушталды

Коомдук талкуу: рулу оңдон солго которулган унааларды каттоо сунушталды

Кыргызстанда рулу оң жактан сол жакка которулган унааларды каттоого мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирип, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Сунушка ылайык, рулу оң жактан сол жакка жылдырылган автоунаалар легалдаштырууга жатпаган транспорт каражаттарынын тизмесинен чыгарылат. Мындай унаалардын ээлери каттоодон өтүү үчүн техникалык экспертизанын корутундусун алууга

Мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун аткарылышына баа берилди

Мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун аткарылышына баа берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорун ишке ашырууну баалоо боюнча жыйын өттү. Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, жыйында мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун учурдагы абалы, аларды ишке ашырууда жаралган көйгөйлөр жана чечүү жолдору каралды. Ошондой эле долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик органдардын өз

Жалпы салмагы 460 кг жакын декларацияланбаган товар аныкталды

Жалпы салмагы 460 кг жакын декларацияланбаган товар аныкталды

“Нарын” бажысынын Контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Чек ара кызматынын кызматкерлери биргеликте ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган товарлардын ири партиясын өткөрүү аракетине бөгөт коюшту. Бажы кызматынан маалымдагандай, КЭР жараны башкарган жүргүнчү ташуучу автобусту текшерүү учурунда, бажы кызматкерлери белгиленген тартипте декларацияланбаган жалпы салмагы 460 кг жакын 20 товарлардын түрүн

Кыргызстан Антальяда өтө турган КС31 климаттык конференциясына даярданууда

Кыргызстан Антальяда өтө турган КС31 климаттык конференциясына даярданууда

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 9-20-ноябрында Түркиянын Анталья шаарында өтө турган Климаттын өзгөрүшү жөнүндө БУУнун Алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясына (КС31) даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрликте Кыргызстандын делегациясынын КС31ге катышуусуна даярдык көрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Ага министрдин орун