Сел алып кеткен электр жабдуулары калыбына келтирилүүдө

Сел алып кеткен электр жабдуулары калыбына келтирилүүдө

2-майда жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында сел жүрдү. Табигый кырсыктын натыйжасында сел суулары айрым турак үйлөргө жана короо-жайларга кирип, Ак-Сай айылындагы 35/10 кВ "Самаркандек" көмөк чордонунан чыккан Самаркандек аба чубалгысында 3 даана электр мамычасын сел алып, электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. Мындан улам аймактын айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы убактылуу өчүрүлгөн. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “КУЭТ” ААКнын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасынын Баткен райондук электр тармактары тарабынан авариялык калыбына келтирүү иштери ыкчам уюштурулуп, күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Адистер түнү бою иш алып барып, Самаркандек айыл аймагында үзгүлтүккө учураган электр энергиясын толугу менен калыбына келтирилди.

Учурда Ак-Сай айылында 10 кызматкер, 2 техника күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, сел алып кеткен электр мамычаларын кайра орнотуу, үзүлгөн зымдарды алмаштыруу жана электр тармактарын толук калыбына келтирүү иштерин тынымсыз улантышууда.

Тиешелүү кызматтар кырдаалды толук көзөмөлдө кармап, калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media