Бишкекте кышкыга карата электр жабдуулар оңдолууда

Бишкекте кышкыга карата электр жабдуулар оңдолууда

Алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүү максатында Энергетика министрлиги тарабынан энергетикалык компанияларга бир катар маанилүү тапшырмалар коюлган. Ага ылайык, 2026-жылдын апрель айынан тартып Бишкек шаарында масштабдуу даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылга карата электр тармактарын өнүктүрүү, инфраструктураны жаңылоо жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында төмөнкү иштер пландалган:

38 кошумча трансформатор орнотуу;
31 эскирген комплекттүү трансформатордук көмөкчордондордун (КТП) шкафтары жаңы ГКТП шкафтарына алмаштыруу;
78 темир-бетон мамычаларын орнотуу;
төмөнкү чыңалуудагы 40 700 км электр чубалгыларын реконструкциялоо.
Жаңы темир-бетон мамычалары төмөнкү РЭТтерде орнотулат:
Чыгыш РЭТ - 50 даана;
Батыш РЭТ - 103 даана;
Түндүк РЭТ - 125 даана.
Трансформаторлор боюнча төмөнкү иштер жүргүзүлөт:
• Чыгыш РЭТ - 113 даана трансформатор оңдолуп, 25 даана жаңысы орнотулат;
Батыш РЭТ - 100 даана трансформатор оңдолуп, 3 даана жаңысы орнотулат;
Түндүк РЭТ - 85 даана трансформатор оңдолуп, 10 даана жаңысы орнотулат.

Белгилей кетсек, Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында жалпы 2248 даана трансформатор бар. Жыл аягына чейин алардын бардыгы техникалык тейлөөдөн жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Бул иш-чаралардын натыйжасында жаңы абоненттерди кошууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, электр тармактарындагы жүктөм тең салмакталат. Мындан тышкары чыңалуунун туруктуулугу жогорулап, электр энергиясынын жоготуулары 80%га чейин кыскарып, электр менен камсыздоонун сапаты 90%га чейин жакшыртылат.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media