Избаскент көмөк чордонунда 50 жылдык эски жабдуулар алмаштырылды

Избаскент көмөк чордонунда 50 жылдык эски жабдуулар алмаштырылды

Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, алдыдагы 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү, эскирген жабдууларды жаңылоо боюнча койгон милдеттерин ишке ашыруунун алкагында Жалал-Абадда Избаскент 110/35/6 кВ көмөк чордонунда ири жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  Избаскент 110/35/6 кВ көмөк чордонунан Ноокен районундагы Момбеков айыл аймагындагы 3625 абонент жана Кочкор-Ата шаарындагы 3000ден ашуун керектөөчү электр энергиясы менен камсыздалат.

Жаңылоонун негизги себеби: 50 жылдан ашуун убакыт кызмат кылган эски жабдуу бүгүнкү күндө техникалык жактан эскирип, электр энергиясын бөлүштүрүүдө бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген. Өзгөчө аба ырайынын өзгөрүшүнө туруштук бере албай, үзгүлтүктөр көп катталып, жабдууну тез-тез оңдоп-түзөөгө туура келчү.

Жаңы система компьютердик башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анын жардамы менен чыңалуу кайсы жерде үзгүлтүккө учураганын ыкчам аныктап, авариялык кырдаалды кыска убакытта калыбына келтирүүгө шарт түзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media