Чүйдө "Манас-2" көмөк чордонунун курулушу башталды

Чүйдө "Манас-2" көмөк чордонунун курулушу башталды

Чүй облусунда энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү алкагында жаңы 110/35/10 кВ “Манас-2” көмөк чордонунун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, энергообъект Сокулук районунун Ак-Жол аймагында курулууда. Долбоор Бишкек шаарынын Фучик көчөсү жана Түндүк айланма жолу тараптагы аймактардын активдүү өнүгүшүнө байланыштуу ишке ашырылып жатат.

Министрлик белгилегендей, учурда бул аймакта электр кубаттуулугунун тартыштыгы байкалууда. Жаңы турак жай конуштарынын, социалдык объектилердин жана бизнес ишканаларынын көбөйүшү кошумча кубаттуулукка болгон муктаждыкты күчөткөн.

Азыркы тапта объектте даярдык жана жер иштери жүргүзүлүп, жерге туташтыруу контуру орнотулууда. Долбоордун алкагында кубаттуулугу 16 МВА болгон күч трансформатору орнотулат.

Жаңы көмөк чордон 2,6–3 миңге жакын абонентти туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылат. Ошондой эле Ак-Жол, Манас, Комсомол, Ат-Башы айылдарынын, “Манас” эл аралык аэропортунун жана курулуп жаткан “Семетей” жаңы конушунун электр менен камсыздоо сапатын жакшыртат.

Мындан тышкары, “Манас-2” көмөк чордонунун ишке кириши аймактагы бир катар көмөк чордондор менен электр берүү линияларынын жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет.

Долбоордун алкагында жалпы узундугу 3–4 чакырым болгон 110 кВ жана 35 кВ аба электр берүү чубалгылары да курулат.

Энергетика министрлиги белгилегендей, жаңы энергообъект Чүй облусунун энергосистемасынын туруктуулугун жогорулатып, аймактын өнөр жай жана социалдык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Коомдук талкуу: рулу оңдон солго которулган унааларды каттоо сунушталды

Коомдук талкуу: рулу оңдон солго которулган унааларды каттоо сунушталды

Кыргызстанда рулу оң жактан сол жакка которулган унааларды каттоого мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирип, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Сунушка ылайык, рулу оң жактан сол жакка жылдырылган автоунаалар легалдаштырууга жатпаган транспорт каражаттарынын тизмесинен чыгарылат. Мындай унаалардын ээлери каттоодон өтүү үчүн техникалык экспертизанын корутундусун алууга

Мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун аткарылышына баа берилди

Мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун аткарылышына баа берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорун ишке ашырууну баалоо боюнча жыйын өттү. Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, жыйында мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун учурдагы абалы, аларды ишке ашырууда жаралган көйгөйлөр жана чечүү жолдору каралды. Ошондой эле долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик органдардын өз

Жалпы салмагы 460 кг жакын декларацияланбаган товар аныкталды

Жалпы салмагы 460 кг жакын декларацияланбаган товар аныкталды

“Нарын” бажысынын Контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Чек ара кызматынын кызматкерлери биргеликте ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган товарлардын ири партиясын өткөрүү аракетине бөгөт коюшту. Бажы кызматынан маалымдагандай, КЭР жараны башкарган жүргүнчү ташуучу автобусту текшерүү учурунда, бажы кызматкерлери белгиленген тартипте декларацияланбаган жалпы салмагы 460 кг жакын 20 товарлардын түрүн

Кыргызстан Антальяда өтө турган КС31 климаттык конференциясына даярданууда

Кыргызстан Антальяда өтө турган КС31 климаттык конференциясына даярданууда

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 9-20-ноябрында Түркиянын Анталья шаарында өтө турган Климаттын өзгөрүшү жөнүндө БУУнун Алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясына (КС31) даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрликте Кыргызстандын делегациясынын КС31ге катышуусуна даярдык көрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Ага министрдин орун