Ысык-Көлдө электр унааларын кубаттоочу жаңы станциялар орнотулат

Ысык-Көлдө электр унааларын кубаттоочу жаңы станциялар орнотулат

Энергетика министрлигинин “жашыл” энергетиканы өнүктүрүү саясатынын алкагында “Чакан ГЭС” ААКы өлкөдө электр кубаттоочу станциялардын тармагын кеңейтүү иштерин улантууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда негизги көңүл Ысык-Көл облусуна бурулуп, аймакта жаңы электр кубаттоочу станцияларды орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө Бөкөнбаев айылындагы Мамбетова жана Проектируемая көчөлөрүнүн кесилишинде үч электр кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн жер иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле адистер Ысык-Көл облусу боюнча жаңы станцияларды орнотууга байланыштуу уруксат берүүчү документтерди даярдап жатышат.

Долбоордун алкагында Балыкчы шаарында 4, Кызыл-Суу айылында 3, Түп айылында 4, Каракол шаарында 3, Чолпон-Ата шаарында 3 жана Бостери айылында 3 электр кубаттоочу станция орнотулат.

Маалыматка ылайык, кубаттоо инфраструктурасын өнүктүрүү өлкөнүн негизги калктуу конуштарын жана туристтик аймактарын камтыйт.

Эске салсак, 2025-жылы “Чакан ГЭС” ААКы тарабынан жалпысынан 10 электр кубаттоочу станция орнотулган. Алар Бишкек шаарында, Кемин районунда жана Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан.

Долбоор электромобилдердин ээлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, экологиялык таза транспортту өнүктүрүүгө жана заманбап транспортко өтүүнү колдоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media