“Бишкек жылуулук электр борборунун” кышка даярдыгы текшерилди

“Бишкек жылуулук электр борборунун” кышка даярдыгы текшерилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков “Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасынын пландуу оңдоо иштери, 2025-2026-жылдардын жылытуу мезгилинин жыйынтыгы жана экономика тармактары менен калкты 2026-2027-жылдардын жылытуу мегилине карата даярдоо боюнча жеринде таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.

МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкек ЖЭБинин көмүр кампасындагы отундун кору, диспетчердик пункт жана жүргүзүлүп жаткан пландуу оңдоо иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. 

Бишкек ЖЭБинин жалпы ишмердүүлүгү жана маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, муниципалдык ишкананын жетекчилиги жана башка тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын башчылары маалымат беришти. 
Белгилүү болгондой, 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү аяктоо жана Бишкек шаарын жылуулук жана электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Бишкек ЖЭБинде пландуу оңдоо иштери график боюнча жүргүзүлүүдө, ремонт иштеринин ичине Бишкек ЖЭБинин жабдууларын, имараттарын жана курулмаларын оңдоо кирет. 

Маалым болгондой, алдыдагы жылытуу мезгилинен чыгуу үчүн Бишкек ЖЭБине 1 млн 600 миң тонна көмүр, 75 225 млн м³ газ, 1000 тонна мазут керектелет. 

Объектти кароонун жүрүшүндө Эрлист Акунбеков, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планынын алкагында бекитилген бардык жумуштар толук көлөмдө жана өз мөөнөтүндө дыкат аткарылып, анын ичинде көмүрдүн белгиленген көлөмү менен камсыздоо, жабдуулардын кышында мүмкүн болгон жүктөмдөргө талаптагыдай даярдыгын камсыз кылуу иштерин жүргүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди. 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media