Электр тармактарын санариптештирүү боюнча талкуу өттү

Электр тармактарын санариптештирүү боюнча талкуу өттү

Бишкек шаарында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын жетекчилигинин жана Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) эксперттеринин катышуусунда семинар болуп өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара Корея Республикасы тарабынан каржыланган “Заманбап башкаруу тутумдарын (SCADA/DMS) ишке киргизүү аркылуу Кыргызстандын электр тармактарынын туруктуулугун жогорулатуу” пилоттук долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоор 2025–2027-жылдарга эсептелген жана анын жалпы бюджети 2,5 млрд вонду түзөт.

Долбоордун негизги максаты – “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын базасында заманбап бөлүштүрүүнү башкаруу борборун түзүү. Бул борбор жогорку технологиялык SCADA/DMS программалык камсыздоосу менен жабдылып, төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:
Электр тармактарын реалдуу убакыт режиминде аралыктан көзөмөлдөө жана башкаруу;
Мүчүлүштүктөрдү тез арада аныктоо жана электр энергиясын берүүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу;
Бөлүштүрүлгөн энергия булактарын тутумга интеграциялоо.

Семинардын жүрүшүндө “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын адистерин окутуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. 2026-жылдын июль айында ишкананын 7 адиси (инженерлер, диспетчерлер жана РЗА адистери) Түштүк Кореяга 10 күндүк стажировкага жөнөп кетишет. Бул окутуу кыргызстандык адистерге жаңы тутумду сырткы эксперттердин жардамысыз, өз алдынча иштетүүгө жана келечекте долбоорду масштабдаштырууга жол ачат.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө