Ири ГЭСтерде кышка даярдык жүрүүдө

Ири ГЭСтерде кышка даярдык жүрүүдө

Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон жана Күрп-Сай гидроэлектр станцияларында комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Таш-Көмүр ГЭСинде №3 гидроагрегатты, күч трансформаторлорун жана жогорку чыңалуудагы жабдууларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 220 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн жана коммутациялык жабдуулардын техникалык тейлөөсү аткарылууда.

Шамалды-Сай ГЭСинде №1 трансформаторду жана жогорку чыңалуудагы өчүргүчтү пландуу оңдоо иштери уланууда.

Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарга параллелдүү реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Комплекстүү модернизациянын натыйжасында Үч-Коргон ГЭСинин орнотулган кубаттуулугу ырааттуу түрдө өсүп жатат.
Ошондой эле Үч-Коргон ГЭСинде №3 гидроагрегатка, жогорку чыңалуудагы өчүргүчтөргө, ажыраткычтарга жана 110 кВ “Кызыл-Рават-1” электр берүү линиясындагы жабдууларга техникалык тейлөө жүргүзүлүүдө.
Ал эми Күрпсай ГЭСинде кубаттуулугу 63 000 кВА болгон автотрансформаторлор заманбап жана кубаттуулугу 125 000 кВА болгон автотрансформаторлорго алмаштырылууда.

Мындан тышкары Күрп-Сай ГЭСинде көмөк чордондогу жабдууларды комплекстүү жаңылоо алкагында жогорку чыңалуудагы ажыраткычты оңдоо иштери жүрүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү