Түркиялык ишкерлер Кыргызстанга күн электр станцияларын курууга кызыкдар болууда

Түркиялык ишкерлер Кыргызстанга күн электр станцияларын курууга кызыкдар болууда

12-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “RHOFA Energy” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Хазрети Акдемир баштаган Түркия Республикасынан келген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө энергетика тармагында эки тараптуу кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү, өзгөчө энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жаатында, тагыраагы Кыргызстанда күн электр станцияларын куруу маселесине көңүл бурулду. 

Түркия энергиянын кайра жаралуучу булактарында иш алып барууда жогорку өсүү динамикасын көрсөткөнүн, акыркы жылдары күн жана шамал булактарынан электр энергиясын өндүрүү жогору деңгээлге жеткени айтылды. Бул багытта МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан бул тажрыйбаны пайдаланууга жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүп, инвестициялар жана заманбап технологияларды тартууга кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде “RHOFA Energy” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Хазрети Акдемир, акыркы жылдары Түркияда Кыргызстандын өнүгүү жолуна түшкөндүгү тууралуу жакшы маалыматтар көп угулуп баштаганын, ошол себептүү ишкерлик, өз ара соода жүгүртүү жана энергетика тармактарында тыгыз иштешүүгө кызыкдар болуп келгендигин билдирди. 

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда энергетика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү жана өзгөчө энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча инвестицияларды кеңейтүү максатында, Түркияда жайгашкан “RHOFA Energy” компаниясынын Кыргызстанда инвестициялык жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн бир катар тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кароо пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media