Өзгөндө 35,5 миллион долларга көмөк чордон курулат

Өзгөндө 35,5 миллион долларга көмөк чордон курулат

Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү багытындагы дагы бир ири стратегиялык долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыдашынча, “Кыргызстанда кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү – I фаза” долбоорунун алкагында Ош облусунда заманбап энергетикалык инфраструктураны куруу иштери пландалууда. Долбоор аймактагы электр энергиясына болгон суроо-талаптын жыл сайын өсүшүнө жооп берип, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга багытталган.

Долбоордун алкагында Өзгөн районунун аймагында 220/110/10 кВ “Исанов” көмөк чордонун жана 220 кВ, 110 кВ жогорку чыңалуудагы электр берүү аба чубалгыларын куруу каралган. Бул объектилер Ош облусунун энергетикалык инфраструктурасын бекемдеп, жаңы өнөр жай объектилерин, мамлекеттик ипотекалык турак жайларды, социалдык мекемелерди жана өндүрүш ишканаларын туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түзөт.
Учурда долбоордук жана тендердик документтерди даярдоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 110 кВ аба чубалгыларынын алдын ала маршруттары жана “Исанов” көмөк чордонунун долбоордук чечимдери иштелип чыккан. Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык маалыматтарды чогултуу иштери уланууда.

Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, жалпы каржылоо көлөмү 35,5 миллиондолларды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө