Баткенде энергетиктер үчүн жаңы имарат салынууда

Баткенде энергетиктер үчүн жаңы имарат салынууда

Энергетика министрлигинин демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан модернизациялык иштердин алкагында, энергетика тармагын жаңылоо жана кызматкерлер үчүн заманбап шарттарды түзүү багытында Баткен облусунда бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында Баткен электр тармактар ишканасынын Баткен РЭТинин “Бужум” участогунун жаңы административдик имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бужум участогунун кызматкерлери дээрлик 20 жылга жакын убакыттан бери өздүк имараты жок, ижаралык жайларда иш алып барып келишкен. Эми Баткен районунун Бужум айылында энергетиктер үчүн бардык шарттары каралган жаңы заманбап имарат курулууда. Курулуш иштерин “Триумф Пласт” ЖЧКсы жүргүзүүдө. Долбоордун жалпы сметалык баасы 8 миллион 371 миң 411 сомду түзүп, жалпы аянты 68,84 м2. “КУЭТ” ААкнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш иштеринин алкагында ишке ашырылууда.

Жаңы имаратта:
ыкчам жыйындарды өткөрүүчү бөлмөлөр;
шаймандарды жана техникалык каражаттарды сактоочу кампа;
санитардык-гигиеналык түйүндөр;
автоунаа токтотуучу жай каралган.

Учурда курулуштун бетон иштери толугу менен аяктап, кийинки этаптагы курулуш иштери уланууда. Бардык иштер курулуш нормаларына жана техникалык талаптарына ылайык жүргүзүлүп жатат. Имаратты үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягына чейин бүткөрүлүп, пайдаланууга берүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media