"Глобал Хакатом" эл аралык студенттик чемпионаттын улуттук этабы өттү

"Глобал Хакатом" эл аралык студенттик чемпионаттын улуттук этабы өттү

2026-жылдын 13-14-май күндөрү Кыргыз-Россия Славян университетинде (КРСУ) “Росатомдун” колдоосу менен “Глобал Хакатом” эл аралык студенттик чемпионаттын улуттук этабы өтүп, ага Кыргызстандын 5 университетинен 75тен ашык студент катышты. Чемпионаттын бул жолку этабы “Жашоо жана ден соолук үчүн ядролук технологиялар” темасына арналды. Иш-чара “Обнинск Тех” Эл аралык илимий-билим берүү борборун өнүктүрүүнүн алкагында өткөрүлдү (бул борбор ЖОЖдын, алдыңкы илимий уюмдардын жана атомдук өнөр жай компаниялардын күч-аракеттерин бириктирүү максатын көздөйт).

 24 сааттын ичинде КРСУдан, Ж.Баласагын атындагы КУУдан, И.Раззаков атындагы КМТУдан, И.Ахунбаев атындагы КММАдан 13 студенттик команда өзөктүк медицина жаатындагы практикалык кейстердин үстүнөн иш алып барышты. 

Иш-чаранын программасы эки чоң блокко бөлүндү. 2026-жылдын 13-майында билим берүүчү интенсив өтүп, анда “Росатомдун” жана Кыргызстан менен Орусиянын профилдик университеттеринин алдыңкы эксперттери медициналык физиканын учурдагы абалы жана ядролук медицинанын келечеги тууралуу лекцияларды окушту. 14-майда студенттик командалар даярдаган эмгегин эксперттик калыстар тобуна сунушташты. Калыстар тобунун курамына “Росатомдун”, Томск политехникалык университетинин өкүлдөрү жана Кыргызстандын саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү алдыңкы адистери кирди. И. Ахунбаев атындагы КММАнын “Hot Spot” тобу жеңүүчү деп табылды. Бул топ позитрондук-эмиссиялык жана компьютердик томографияны жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жана ага жол берилишин эсептөөнүн универсалдуу системасынын чечимин сунушташты. Аталган топ эми 2026-жылдын сентябрь айында Орусияда Эл аралык жаштар фестивалынын алкагында өтө турган “Глобал Хакатомдун” финалында Кыргызстандын атынан чыгышы күтүлөт.

Томск политехникалык университети менен КРСУнун ортосунда “Медициналык физика” биргелешкен тармактык билим берүү программасын ишке киргизүү жөнүндө келишимге кол коюу аземи чемпионаттын негизги окуяларынын бири болуп калды. Бул билим берүү программасын даярдоодо Томск политехникалык университетинин өнөктөшү “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын бөлүмү – “Росатом Технологии Сооружения” ЖЧКсы болду. Ядролук медицинанын инфраструктуралык объектилерин куруу тармагында лидер катары “Росатом Технологии Сооружения” жогорку технологиялык жабдуулар менен иштөө үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого жигердүү көмөктөшүп келет. ЖОЖдордун ортосундагы мындай кызматташтык Кыргызстандын окуу процессине мыкты билим берүү стандарттарын киргизүүгө, өлкөнүн өнүгүп келаткан ядролук медицина тармагына жаш адистердин келишин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

“Ар кандай жогорку технологиялык тармактын пайдубалын адамдар жана алардын экспертизасы түзөт. КРСУнун аянтчасында өткөн “Глобал Хакатом” жаңы муун адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн ядролук технологияларды өнүктүрүүдө сапаттуу секирикти жасоого жөндөмдүү экенин көрсөттү. Медициналык физика боюнча программаны ишке киргизүү тууралуу макулдашууга кол коюу – бул Кыргызстандын жаш таланттары дүйнөлүк деңгээлдеги компетенцияларды ушул жерден жана азыр алуусун камсыздоо максатында жасалган биздин жалпы кадамыбыз”, - деп белгиледи “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын КРгы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Константинов.

Маалымат үчүн

“Глобал Хакатом” (Global HackAtom) – бул эл аралык студенттик чемпионат, анын алкагында катышуучулар 24 сааттын ичинде атомдук тармактагы реалдуу тапшырмалардын чечимдерин табууга аракет кылышат. Долбоор мындай форматта экинчи жолу өтүп жатат жана эки этапты камтыйт: улуттук тандоо этаптары жана Орусиядагы гранд-финал. Улуттук этаптар 15 өлкөдө өтөт: Боливияда, Бразилияда, Венгрияда, Вьетнамда, Египетте ж.б. Алардын жыйынтыгы менен жеңүүчү деп табылган 15 улуттук команда Орусияда өтө турган финалда “Глобал Хакатомдун” чемпиондору наамы үчүн ат салышат.

“Росатом Технологии Сооружения” (РТС) – бул орусиялык жана эл аралык рыноктордо долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын алдыңкы компанияларынын бири. РТС медициналык багыттагы объекттерди, илимий-изилдөө борборлорун жана өнөр жай объектилерин долбоорлоого жана курууга адистешкен.

“Обнинск Тех” – бул “Росатомдун” таяныч университети – НИЯУ МИФИнин катышуусу менен түзүлгөн эл аралык борбор. Ал заманбап билим берүү технологияларын өнүктүрүүнүн хабына, орусиялык жогорку технологиялык компаниялардын экспортко багытталган өнүмдөрүнүн экспозициясына, конгресстерди, көргөзмөлөрдү, эл аралык мектептерди өткөрүү үчүн аянтчага айланары күтүлүүдө. Борборду түзүү идеясы жана анын концепциясы Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальковдон колдоо тапкан. Ушул жылдын башынан бери бул идея Калуга облусунун бийлигинин, Обнинск администрациясынын, “Курчатов институту” улуттук илимий борборунун, ОИЯИнин (Дубна ш.) жана башка уюмдардын катышуусу менен бир катар стратегиялык сессиялардын алкагында көп жолу талкууланып келди.

Россия дос өлкөлөр менен кызматташууга басым жасап, эл аралык мамилелерди ырааттуу өнүктүрүп келүүдө. Ата мекендик экономика өзүнүн экспорттук дараметин жогорулатып, дүйнө жүзү боюнча товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана чийки затты жеткирип, компаниялар менен адистердин ортосунда тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат. Бул ишке “Росатомдун” ишканалары жигердүү катышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media