Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 3,5 миллиард киловатт-саатты түзөт

Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 3,5 миллиард киловатт-саатты түзөт

Кыргызстанда учурда электр энергиясынын тартыштыгы болжол менен 3,5 миллиард киловатт-саатты түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жыл сайын жаңы гидроэлектр станциялары курулуп, кошумча кубаттуулуктар ишке берилгенине карабастан, электр энергиясын керектөө тынымсыз өсүп жаткандыктан тартыштык сакталууда. Ошондой эле жыл сайын 100 жаңы ишкана ачылып жаткандыктан, электр тармактарына болгон жүк дагы көбөйүүдө — натыйжада электр энергиясына болгон муктаждык өсүүдө.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын пикиринде, экономикалык өсүштүн темпин камсыз кылуу үчүн биринчи кезекте энергетика тармагына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Энергетика тармагы мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда.

Данияр Амангелдиев жакынкы мезгилде жалпы кубаттуулугу болжол менен 1 миллион киловатт болгон жаңы электр станциялары пайдаланууга берилерин эске салды.

Мындан тышкары, күн жана шамал энергетикасын өнүктүрүү дагы артыкчылыктуу багыт бойдон каларын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка өлкө башчысы кол койду. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Бакыт Сыдыков санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү катары иш алып барат. Ошондой эле Жарлыкка ылайык, ага 2026-жылдын 31-декабрына чейин Министрлер

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликке караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин автобазасына барып, капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү жана жаңы алынган атайын техникалар менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1978-жылы курулган автобаза имараты көп жылдар бою капиталдык оңдоодон өтпөй, анын техникалык жана өндүрүштүк базасы эскирип калган.

Ат-Башынын жайлоолоруна кар жаап, малчыларга чөп жеткириле баштады

Ат-Башынын жайлоолоруна кар жаап, малчыларга чөп жеткириле баштады

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бийик тоолуу жайлоолорго кар жаап, айрым аймактарда кардын калыңдыгы 20 сантиметрге чейин жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өзгөчө Арпа өрөөнүндө калың кар түшүп, жайлоодогу малчылардын ишине кыйынчылык жаралган. Айрым маалыматтар боюнча, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам мал арасында жоготуулар да каттала баштаган.

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун жаңы муунун калыптандырууга багытталган "Жаш кадрлар мектеби" долбоорунун катышуучулары менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жаштардын орду, мамлекеттик кызматка кесипкөй кадрларды тартуу жана келечектеги лидерлерди даярдоо маселелери талкууланды. Улан Маматканов бүгүнкү күндө Кыргызстан