"Чакан ГЭС" күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштерин жүргүзүүдө

"Чакан ГЭС" күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштерин жүргүзүүдө

Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында даярдык иштерин улантууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, "Чакан ГЭС" ААК 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата гидроэлектростанцияларда капиталдык, орточо жана утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүп жатат.

2026-жылга бекитилген планга ылайык, ГЭС-3, ГЭС-4, ГЭС-5 жана ГЭС-6дагы бир катар гидроагрегаттар капиталдык оңдоодон өтөт. Ошондой эле Быстровка ГЭСиндеги №2 жана ГЭС-1деги №1 гидроагрегаттарга орточо оңдоо жүргүзүлүүдө.

Учурда ГЭС-6дагы капиталдык оңдоонун алкагында гидроагрегаттын статор оромосунун изоляциясы алмаштырылып, электрдик сыноолор жүргүзүлүп жатат. Бул иштер июнь айынын ортосунда аяктары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, быйыл негизги жана көмөкчү жабдууларга, имараттар менен курулмаларга жалпысынан 299 утурумдук оңдоо жүргүзүү пландалган.

Ошондой эле:

  • 8 трансформатор алмаштырылат;
  • ГЭС-3кө жаңы тиристордук козгоо системасы орнотулат;
  • 35 кВ чыңалуудагы заманбап вакуумдук өчүргүчтөр сатып алынып, орнотулат.

Министрликтин маалыматына караганда, бул иштер гидроэлектростанциялардын күз-кыш мезгилиндеги үзгүлтүксүз ишин камсыздап, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү