Таш-Көмүр ГЭСинде кыш мезгилине карата даярдык иштери уланууда

Таш-Көмүр ГЭСинде кыш мезгилине карата даярдык иштери уланууда

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан берилген тапшырманын негизинде Таш-Көмүр ГЭСи 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин улантып жатат.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, негизги максат — энергетикалык жабдуулардын ишенимдүү, коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, ошондой эле электр энергиясына суроо-талап күчөгөн мезгилде өлкө керектөөчүлөрүн туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу.

Бекитилген оңдоо графигинин алкагында учурда станцияда бир катар техникалык иштер жүргүзүлүп жатат. Алардын ичинде №3 гидроагрегаттын генераторун оңдоо, өчүргүчтөрдү жана башкаруу системаларын текшерүү, гидроагрегаттын таяныч жабдууларындагы май муздаткычтарын оңдоо жана профилактикалык көзөмөл иштери бар.

Энергетика министрлиги бардык иштер техникалык талаптарга ылайык пландуу түрдө аткарылып, өлкөнүн энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталгандыгын билдирүүдө. Ага ылайык, оңдоо жана даярдык кампаниясын 2026- жылдын ноябрь айына чейин аякташы пландалган.

Таш-Көмүр ГЭСи - өлкөдөгү ири гидроэлектр станциялардын бири болуп саналат. Анын орнотулган кубаттуулугу 450 мегаватты түзөт. Станциядагы биринчи гидроагрегат 1985-жылы, экинчиси 1986-жылы, үчүнчүсү 1987-жылы пайдаланууга берилген. ГЭС толук кубаттуулукта 1987-жылдан тарта иштей баштаган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Электр тармагынын кампасынан материалдык баалуулуктар жоголуп жаткан

Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн жарандардын саны 9га жетти

Бишкекте бир күндө 6 миң көчөт отургузуу пландалууда

Ошто үч эм наристе жарык дүйнөгө келди

Кыргызстанда 7,7 млн долларлык сүт заводу курулууда