Айтматов райондук электр тармагы 47 жылдан кийин жаңыланууда

Айтматов райондук электр тармагы 47 жылдан кийин жаңыланууда

Талас электр тармактар ишканасына караштуу Айтматов райондук электр тармагынын административдик имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда оңдоо иштеринин 60 пайызы аяктады. Имарат заманбап стилде жаңыланып, ички жана тышкы бөлүктөрү толук оңдолууда.

Капиталдык оңдоонун алкагында чатыр алмаштырылып, эшик-терезелер жаңыртылып, инженердик коммуникациялар, жылытуу жана электр системалары жакшыртылууда.

Ошондой эле мекеменин айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, аймакка асфальт төшөлүүдө. Бул иштер кызматкерлерге жана жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Белгиленгендей, аталган имарат 1978-жылы курулган. Учурда Айтматов райондук электр тармагында 59 кызматкер эмгектенет.

Долбоор “КУЭТ” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен ишке ашырылып, энергетика тармагындагы инфраструктураны жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media