Тамга–Пржевальск аба чубалгысында реконструкция иштери башталды

Тамга–Пржевальск аба чубалгысында реконструкция иштери башталды

Ысык-Көл облусундагы негизги электр берүүчү линиялардын бири болгон 110 кВ Тамга–Пржевальск аба чубалгысын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармагы ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор үч этап менен ишке ашырылат. Биринчи этапта Покровка–Барскоон тилкесиндеги 40,3 чакырым аба чубалгысы жаңыланып, курулуш-монтаждоо иштери 70 күндүн ичинде аяктайт.

Экинчи этапта Барскоон–Тамга тилкесиндеги 6,2 чакырым линия реконструкцияланып, иштер 2026-жылдын октябрь айында башталат. Ал эми үчүнчү этап — Покровка–Каракол тилкесиндеги 34,5 чакырым линияны жаңылоо 2027-жылга пландалган.

Белгиленгендей, аталган электр чубалгысы 1967-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин пайдаланылып келген. Ал Каракол шаарын, ошондой эле Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорун электр энергиясы менен камсыздайт.

Акыркы жылдары калктын санынын өсүшү жана жаңы өндүрүш объектилеринин курулушу электр энергиясына болгон суроо-талапты көбөйткөн. Айрыкча кыш мезгилинде линияга күч келип, айрым учурларда убактылуу чектөөлөрдү киргизүүгө туура келген.

Маалыматка ылайык, реконструкция аяктагандан кийин аймактар туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз болот.

Ошондой эле реконструкция иштеринин жүрүшүндө айрым аймактарда чыңалуунун убактылуу өзгөрүшү мүмкүн экени эскертилди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media