Бишкекте онго жакын көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылууда

Бишкекте онго жакын көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылууда

Энергетика министрлиги энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган реформаларды ишке ашырып, энергетикалык инфраструктураны жаңылоо жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар долбоорлорду жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаралар электр энергиясына болгон тарифтик каражаттардын эсебинен каржыланып, эскирген энергетикалык объектилерди этап-этабы менен жаңылоого мүмкүнчүлүк түзүүдө.

35/110/220 кВ көмөк чордондорунда быйыл 215 даана электр жабдуусун капиталдык оңдоодон өткөрүү жана 3219 даана жабдууга техникалык тейлөө жүргүзүү пландалган. Бүгүнкү күнгө карата 581 даана жабдуу техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.

Аткарылып жаткан иштер көмөк чордондордун ишенимдүүлүгүн жогорулатып, технологиялык бузулуулар менен авариялык өчүрүүлөрдүн тобокелдигин азайтууга, электр энергиясынын сапатын жакшыртууга жана жабдуулардын иштөө мөөнөтүн узартууга өбөлгө түзөт.

Ошондой эле борбор калаадагы онго жакын көмөк чордондун кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул долбоорлорду ишке ашыруу электр энергиясына болгон өсүп жаткан суроо-талапты камсыздап, жаңы курулуштар үчүн кошумча кубаттуулук резервин түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media