Кыргызстан Азербайжан менен энергетика тармагында кызматташат

Кыргызстан Азербайжан менен энергетика тармагында кызматташат

Баку шаарында Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Азербайжандын энергетика министри Парвиз Шахбазов менен жолугуп, энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушуу эл аралык энергетикалык иш-чаралардын алкагында өттү. Анда жашыл энергетиканы өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздук жана аймактык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Билдирүүгө караганда, тараптар Каспий жашыл энергетикалык коридоруна Кыргызстандын катышуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Ысык-Көл облусунда азербайжандык инвестициялардын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоорлорду электр энергиясы менен камсыздоо маселелерин карашты. Кыргыз тарап андагы объектти туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн зарыл иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Мындан сырткары, тараптар мунай продуктуларын жеткирүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселесине токтолушту. Кыргыз тарап Азербайжандын мамлекеттик мунай компаниясы SOCAR менен кызматташтыктын оң натыйжаларын белгилеп, Кыргызстанга дизелдик отун жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер жашыл энергетика, энергетикалык инфраструктура, электр энергиясын өткөрүү жана мунай продуктуларын жеткирүү багыттарында кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media