Жаңы курулуп жаткан энергетикалык объектилердин абалы текшерилди

Жаңы курулуп жаткан энергетикалык объектилердин абалы текшерилди

Энергетика министринин орун басары С.Садыракунов жумушчу сапарынын алкагында кайра жаралуучу энергия жана гидроэнергетика багытындагы ири долбоорлордун курулуш аянтчаларын кыдырып, иштердин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын негизги максаты курулуш иштеринин аткарылышын көзөмөлдөө, бекитилген графиктердин сакталышын баалоо жана объектилерди пайдаланууга берүү боюнча даярдык иштерин талдоо болду. Министрдин орун басары “РЭЦА” жана “Бишкек Солар”күн электр станцияларында, ошондой эле Орто-Токой ГЭСинде болуп, долбоорлордун учурдагы абалы боюнча маалымат алды.

“РЭЦА” күн электр станциясында С.Садыракунов долбоордун биринчи фазасынын ишке ашырылышы менен таанышты. 

Маалыматка ылайык, кубаттуулугу 150 МВт болгон биринчи этаптагы курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын июнь айынын ортосунда аяктоо пландалууда. Министрдин орун басары бардык иштерди белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен жана сапат талаптарын так сактоо менен бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жумушчу сапардын алкагында Орто-Токой гидроэлектростанциясынын курулушуна өзгөчө көңүл бурулду. Кубаттуулугу 21 МВт болгон станциянын курулушу жыйынтыктоочу баскычка жетип, учурда акыркы курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Объектти пайдаланууга берүү боюнча даярдык иштери июль айына чейин аяктайт деп күтүлүүдө. Министрдин орун басары объектти кароо учурунда курулуш иштеринин сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүүнү жана бекитилген графиктен четтөөлөргө жол бербөөнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media