Быйылкы жылкыга карата 1,6 млн тонна көмүр казуу пландалууда

Быйылкы жылкыга карата 1,6 млн тонна көмүр казуу пландалууда

Энергетика министринин орун басары Н.Керимов “Кыргызкөмүр” ААКнын башкы директору Рустамбек Садыралиев менен биргеликте Кара-Кече көмүр кени жана Миң-Куш көмүр кенинин “Агулак” тилкесине иш сапары менен барып, 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө кыртышты ачуу иштери негизинен бекитилген планга ылайык аткарылып жатканы белгиленди. Ошол эле учурда май айындагы жаан-чачындын көп болушу өндүрүш иштеринин темпине белгилүү деңгээлде таасирин тийгизип жатканы айтылды.

Мындан тышкары, көмүр казуу жана жеткирүү иштеринин учурдагы абалы каралып, алдыдагы жылытуу мезгилинде калкты жана керектөөчүлөрдү көмүр менен өз убагында жана жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Белгиленгендей, 2026-жылга карата Кара-Кече көмүр кенинде жалпысынан 1 млн 622 миң тонна көмүр өндүрүү пландалууда. Анын ичинен 700 миң тоннасы ЖЭБге, 700 миң тоннасы калкка жана 200 миң тоннасы бюджеттик жана социалдык мекемелерге жеткирүү каралган.
Ошондой эле иш сапардын алкагында өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү белгиленген мөөнөттө камсыз кылуу, көмүр запасын өз убагында даярдоо жана күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүү боюнча тиешелүү милдеттер коюлду.

Даярдык иштеринин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүлүшү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media