“Чакан ГЭС” Түп жана Тоң райондорунда элетромобилдерди тейлеп баштады

“Чакан ГЭС”  Түп жана Тоң райондорунда элетромобилдерди тейлеп баштады

Энергетика министрлиги жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө жана экологиялык жактан таза транспорт үчүн заманбап инфраструктураны түзүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашырууну улантууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иштердин алкагында “Чакан ГЭС” ААК Ысык-Көл облусунун аймагында электр кубаттоочу станциялардын тармагын ырааттуу түрдө кеңейтүүдө. Бүгүнкү күндө Түп районунун Түп айылында төрт электр кубаттоочу станция жана Тоң районунун Бөкөнбаев айылында үч станция пайдаланууга берилип, аймактын тургундары менен конокторунун электромобилдерин тейлеп жатат.

Учурда “Чакан ГЭС” ААКнын адистери Балыкчы шаарында төрт электр кубаттоочу станцияны орнотуу иштерин башташты. Курулуш-монтаждоо иштери аяктаган соң, жаңы объекттер пайдаланууга берилип, электромобиль ээлери үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Эске салсак, “Чакан ГЭС” ААК быйылкы жылы Ысык-Көл облусунун бир катар калктуу конуштарында кошумча электр кубаттоочу станцияларды орнотууну пландоодо: Кызыл-Суу айылында үч станция, Бостери жана Ак-Суу айылдарында төрттөн станция, ошондой эле Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында төрттөн станция орнотулат. 

Электр кубаттоочу станциялардын тармагын өнүктүрүү заманбап жана экологиялык жактан таза транспорттук инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. “Чакан ГЭС” ААК Ысык-Көл облусунда электр кубаттоочу станциялардын тармагын кеңейтүү долбоорлорун ишке ашырууну улантып, электр транспортун жайылтууга жана калк менен туристтер үчүн кубаттоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга салым кошууда.

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media