Энергетиктерге жаңы техникалар тапшырылды

Энергетиктерге жаңы техникалар тапшырылды

Энергетика тармагын модернизациялоо жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо багытында Энергетика министрлиги тарабынан иштер ырааттуу түрдө жүргүзүлүүдө. Бул иштердин алкагында 41 даана атайын техника расмий түрдө тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жана Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин катышуусунда өтүп, энергетика тармагынын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө жана инфраструктуранын туруктуулугун жогорулатууга багытталды.

Техникалар “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын өз каражатынын эсебинен жалпы суммасы 181,6 млн сомго сатып алынды. Эми алар республика боюнча электр тармактарынын ишканаларына бөлүштүрүлөт. Алардын катарына жүктөгүч-экскаваторлор, бийиктикке көтөрүлүүчү унаалар, оор жүк ташуучу башкы унаалар, чиркегичтер жана бригадалык унаалар кирет.

Мындан тышкары, 2026-жылдын ичинде кошумча 8 даана манипулятор сатып алуу пландалып, жалпы жаңыланган техникалардын саны 49 даанага жетет.

Эске салсак, 2025-жылы да энергетика тармагын чыңдоо максатында жалпы суммасы 379,1 млн сомго 140 даана атайын техника сатылып алынып, өлкө боюнча электр тармактары ишканаларына бөлүштүрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media