Үч-Коргон ГЭСин жаңылоо иштери аяктаса, анын кубаттуулугу 220 МВт болот

Үч-Коргон ГЭСин жаңылоо иштери аяктаса, анын кубаттуулугу 220 МВт болот

МинКаб Төрагасынын орун басары - Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусунда Үч-Коргон ГЭСинин ишмердүүлүгү жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып келди. Иш сапардын жүрүшүндө иштин сапатына көңүл бурулуп, өз мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасы берилди.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Үч-Коргон ГЭСин жаңылоо иштери 2026-жылдын соңуна чейин толук бүткөрүлүшү пландалган.

МинКаб Төрагасынын орун басарына станциянын негизги генерациялоочу жабдууларын жаңылоо, өндүрүштүк натыйжалуулугун жогорулатуу, ишенимдүүлүгүн жана эксплуатациялык коопсуздугун камсыздоого багытталган иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Учурда объектте башкы подрядчы болгон Кытайдын CNEEC компаниясы курулуш-монтаждоо иштерин аткарууда. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 100дөн ашуун адис тартылган.

Жалпысынан Үч-Коргон ГЭСинде 4 даана гидроагрегат болсо, анын 2 гидроагрегаты учурда модернизацияланууда. Аларды оңдоо иштери аяктагандан кийин станциянын кубаттуулугу 220 МВт болот, ал эми негизги жабдуулардын иштөө мөөнөтү узартылат.

Ишмердүүлүгү жана оңдоо иштери менен таанышкан МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков иштин сапатына көңүл буруп, өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media