Ысык-Көлдө көмөк чордондор жаңыланып, кубаттуулугу жогорулатылууда

Ысык-Көлдө көмөк чордондор жаңыланып, кубаттуулугу жогорулатылууда

Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында “Кыргызстан улуттук электр тармагы”ААКнын филиалы – Ысык-Көл электр тармактары электр энергиясын ишенимдүү жана сапаттуу жеткирүү максатында аймактагы энергетикалык объектилерди модернизациялоо иштерин улантууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарындагы 110/35/10 кВ “Пржевальская”көмөк чордонунда кубаттуулукту жогорулатуу боюнча маанилүү иштер жүргүзүлдү. 2025-жылы көмөк чордондогу 25 МВА кубаттуулуктагы трансформаторлордун бири 40 МВА жаңы трансформаторго алмаштырылган болсо, быйыл дагы экинчи 25 МВА трансформатор 40 МВА кубаттуулуктагы заманбап жабдуу менен жаңыртылды.

Натыйжада “Пржевальская”көмөк чордонунун жалпы кубаттуулугу 65 МВАдан 80 МВАга чейин жогорулады. Бул жаңылоо электр тармактарындагы жүктөмдү азайтып, Каракол шаарынын жана Ак-Суу районундагы бир катар калктуу конуштардын тургундарын туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Ошондой эле бекитилген планга ылайык, “Долинка” көмөк чордонун модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында кубаттуулугу 10 жана 16 МВА болгон трансформаторлор эки даана 40 МВА жаңы трансформаторго алмаштырылып, жалпы кубаттуулугу 80 МВА болгон заманбап көмөк чордону түзүлөт.

Учурда долбоордун биринчи этабы аяктап, биринчи 40 МВА кубаттуулуктагы трансформатор ишке берилди. Экинчи этаптагы иштер июнь-июль айларында жүргүзүлөт. Бул иштердин натыйжасында Ысык-Көлдүн чыгыш жээгиндеги калктуу конуштарды жана туристтик объектилерди электр энергиясы менен камсыздоонун сапаты жана ишенимдүүлүгү кыйла жогорулайт.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media