56 жылдан бери алмашылбаган электр чубалгылар жаңыланууда

56 жылдан бери алмашылбаган электр чубалгылар жаңыланууда

Энергетика министрлиги энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган реформаларды ишке ашырып, энергетикалык инфраструктураны жаңылоо жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чаралардын алкагында жаңы кабелдик линияларды курууга жана учурдагы линияларды оңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, борбор калаанын тургундарын сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түзүлүүдө.

Долбоорлор электр энергиясына болгон тарифтик каражаттардын эсебинен каржыланып, эскирген энергетикалык объектилерди этап-этабы менен жаңылоого мүмкүндүк берүүдө.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы кабелдик линиялардын жалпы узундугу 1150 чакырымдан ашат. Алардын айрымдары 1970-жылдары курулгандыктан, техникалык абалы жаңылоону талап кылат. Мурда кабелдердин орточо пайдалануу мөөнөтү 25 жылды түзсө, азыркы заманбап кабелдер 25 жылдан 40 жылга чейин кызмат кылууга ылайыкталган.
Ушуга байланыштуу “КУЭТ” ААКнын филиалы – Бишкек электр тармактар ишканасы тарабынан борбор калаанын кабелдик тармактарын оңдоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2025-жылы кабелдик линиялар кызматы менен Курулуш-монтаждоо иштер кызматынын биргелешкен аракети менен 50 чакырымдан ашык кабелдик линиялар курулуп жана оңдолгон. Аткарылган иштер керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, техникалык жоготууларды азайтууга жана жаңы абоненттерди кошууга мүмкүнчүлүк түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media