“Камбар-Ата-2” ГЭСинин долбооруна насыя алынат

“Камбар-Ата-2” ГЭСинин долбооруна насыя алынат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өткөрүлүп маанилүү маселелер каралды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстүңкү суу төкмөсүн куруу” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралды. 

Бул боюнча Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин баяндамасы угулду. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 2026-2029-жылдар аралыгы. Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Нарын дарыясында жайгашкан “Камбар-Ата-2” ГЭСинин жалпы долбоордук кубаттуулугу 360 МВтты түзөт. Долбоор ишке ашырылса ГЭСтеги гидроагрегаттардын жүктөмүн авариялык абалдан чыгарууда станциянын коопсуз иштөө режимин камсыз кылып, электр энергияны өндүрүүнүн кубаттуулугун жогорулатат. 

Баяндамадан соң Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү тарабынан Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору жактырылды. Макулдашуу Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланып, ага кол коюлгандан соң күчүнө кирет.

Отурумда мындан тышкары электр энергия, күйүүчү-майлоочу май, коммуналдык төлөмдөргө байланышкан тарифтер, азык-түлүк баалары жана инфляция маселелери каралып, бир катар протоколдук тапшырмалар берилди. 

Мындан тышкары окуңуз

Гепатитти дарылоого 492 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Гепатитти дарылоого 492 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Кыргызстанда быйылкы жылдын алты айында 1 миллиондон ашуун адам гепатиттин вирустук В түрүнө каршы эмдөө алды. Алардын ичинен биринчи дозасы 446 319, экинчи дозасы 358 159, үчүнчү дозасы 250 534 адамга сайылган. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору билдирди. Маалыматка таянсак,

Данияр Амангелдиев: Өкмөт чара көрбөсө, күйүүчү майдын баасы 140 сомдон ашмак

Данияр Амангелдиев: Өкмөт чара көрбөсө, күйүүчү майдын баасы 140 сомдон ашмак

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын кымбатташы Кыргызстандагы баага да таасир эткенин билдирди. Бул тууралу ал "Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Амангелдиевдин айтымына караганда, акыркы эки айда бензиндин дүйнөлүк баасы дээрлик эки эсеге өсүп, бир тоннасы 860 доллардан 1700 долларга жеткен. Эгер өкмөт бааны

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

AИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы орусиялык компаниялар тарабынан киргизилген жеткирүү чектөөлөрүнө байланыштуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адиси Лариса Шустикова “Биринчи”радионун" эфиринде билдирди. "Орусиялык компаниялар бул жерде иштеген өздөрүнүн ишканаларына АИ-95 бензинди жеткирүүнү чектешти. Ошол эле учурда, үч ири мунай ишканалары ишин улантып, запастарга

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк сейил багынын аймагын кыдырып чыгып, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле подряддык уюмга жана тиешелүү шаардык кызматтарга калган иштерди аягына чыгаруу жана объектти мындан ары талапка ылайык жасоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө объектти оңдоп-