Кытайлык инвесторлор менен жашыл энергетика боюнча кызматташтык талкууланды

Кытайлык инвесторлор менен жашыл энергетика боюнча кызматташтык талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Shuangliang Group түзүмүнө кирген кытайлык энергетикалык SL Gemini Energy Co., Ltd. компаниясынын делегациясы менен жолугушту.

Агенттиктин маалыматына ылайык, тараптар кайра жаралуучу энергия долбоорлоруна инвестиция тартуу жана Кыргызстандын жылуулук менен камсыздоо системаларын модернизациялоо боюнча мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

Улуттук агенттиктин өкүлдөрү өлкөнүн инвестициялык климаты, жашыл экономика тармагындагы долбоорлорду колдоо чаралары жана инвесторлордун укуктарын коргоо механизмдери тууралуу маалыматтар менен бөлүшүштү.

"Кыргызстан таза энергетика тармагында чоң потенциалга ээ. Биз заманбап технологияларды киргизүүгө жана узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашырууга даяр болгон инвесторлорду тартууга кызыкдарбыз. Улуттук агенттик өз ара пайдалуу демилгелерди ишке ашырууда зарыл болгон колдоо көрсөтүүгө даяр", – Равшанбек Сабиров

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын мындан ары иштеп чыгууну жана потенциалдуу долбоорлордун параметрлерин изилдөөнү улантуу боюнча макулдашышты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү