Нарындык энергетиктерге атайын техникалар тапшырылды

Нарындык энергетиктерге атайын техникалар тапшырылды

Нарын электр тармактар ишканасынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн чыңдоо жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу, оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу аткарууга ишканага 4 жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Нарын электр тармактар ишканасына төмөнкү техникалар тапшырылды:

1 “FAW” үлгүсүндөгү автовышка – 25 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Техника кызматкерлердин коопсуз иштөөсү үчүн атайын кабинка менен жабдылган;

2 “Isuzu” үлгүсүндөгү бригадалык автоунаа – авариялык жана эксплуатациялык бригадаларды ташууга ылайыкталган, кызматкерлер үчүн кенен жана ыңгайлуу орундуктар менен жабдылган;

1 экскаватор – жер казуу жана курулуш-монтаж иштерин аткарууда колдонулат.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 5-июнунда энергетика тармагынын ишин жакшыртуу, ошондой эле штаттан тышкаркы кырдаалдарды ыкчам жоюу максатында “КУЭТ” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен жалпы 41 атайын техника сатылып алынып, пайдаланууга берилген.

Жаңы техникалар электр тармактарындагы оңдоо, тейлөө жана авариялык калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүүгө өбөлгө түзүп, керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media