Дүйнөлүк банк Кыргызстанга жашыл энергетика үчүн 50 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга жашыл энергетика үчүн 50 млн доллар бөлөт

Жакында Дүйнөлүк банк көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн азайтуу жана экологиялык долбоорлорду колдоо максатында Кыргызстанга 50 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кызыл-Өрүк айылында “ROX Ысык-Көл” күн электр станциясынын ишке киргизүү аземинде билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, бул каражат айлана-чөйрөгө зыяндуу газдардын бөлүнүшүн азайтууга жана жашыл энергетикага өтүүнү ылдамдатууга багытталат.

Ошондой эле президент Кыргызстанда жашыл энергетика тармагын өнүктүрүү иштери мындан ары да улантыларын белгиледи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү