Бишкекте энергетиктерге заманбап техникалар тапшырылды

Бишкекте энергетиктерге заманбап техникалар тапшырылды

Энергетика тармагын заманга ылайык жаңылоо жана электр тармактарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Бишкек электр тармактар ишканасынын автопаркы жаңы техникалар менен толукталды.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы болгон Бишкек электр тармактар ишканасына атайын техникалар берилди.

Жаңы техникалар ишкананын өндүрүштүк бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлдү. Атап айтканда, ISUZU NPR 75L-RK үлгүсүндөгү унаалар Чыгыш жана Батыш райондук электр тармактарына, Көмөк чордон кызматына жана Аламүдүн райондук электр тармагына тапшырылды. Ал эми FAW TIGER үлгүсүндөгү 25 метрлик автовышка Чыгыш райондук электр тармагына берилсе, SHANMON 388 экскаватор-жүктөгүчү Кабелдик линиялар кызматынын карамагына өткөрүлдү.

Калган техникалар эксплуатациялык, оңдоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин аткарган өндүрүштүк кызматтарга бөлүштүрүлгөн.

Министрликтин маалыматына караганда, жаңы техникалар авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө, электр тармактарын тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жана Бишкек шаарынын тургундарын жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоого көмөк көрсөтөт.

Белгиленгендей, заманбап техникалык жабдуулар энергетика тармагынын натыйжалуу иштешин камсыз кылууда жана электр тармактарын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media