“Куланак” ГЭСинде суу жеткирүүчү канал курулууда

“Куланак” ГЭСинде суу жеткирүүчү канал курулууда

17-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Куланак” ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, жооптуу тараптарга курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүүнү камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясаты бөлүмүнөн кабарлагандай, учурда “Куланак” ГЭСинде дамбанын, ГЭС имаратынын жана узундугу 6,5 чакырымды түзгөн суу жеткирүүчү каналдын курулушу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.

“Куланак”  ГЭСи Нарын районунда “Нарын” өндүрүштүк ишканасы тарабынан ишке ашырылып жаткан ири энергетикалык долбоор болуп саналат. Долбоордун кубаттуулугу 100 МВтты түзүп, жылына 435 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, ГЭСти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоор толук ишке киргенден кийин өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын кыскартууга салым кошуп, жаңы 2000ге жакын жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media