“Казарман ГЭСтер” каскадынын курулушу башталат

“Казарман ГЭСтер” каскадынын курулушу башталат

Президент Садыр Жапаров 25-июнда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунда “Казарман ГЭСтер” каскадын курууга мезгил кутусун салуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын гидроэнергетикалык ресурстарга бай экенин жана ушул байлыкты өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кызмат кылдыруучу жаңы доордун босогосунда турганын баса белгиледи. 

“Республика боюнча жылына жүздөп ачылып жаткан өнөр жай ишканалары электр энергиясын көп талап кылат. Бизде ири заводдор фабрикалар мындан ары дагы көп ачылат. Бул муктаждыкты ушундай ГЭСтер, күн, шамал сыяктуу энергиянын кайра жаралуучу булактары берет”, - деди президент. 

Ал “Казарман ГЭСтер” каскады Кыргызстандын көз карандысыздык тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоорлордун бири болуп каларын айтты. “Ала-Буга”, “Кара-Булуң-1”, “Кара-Булуң-2” аттуу үч гидроэлектр станцияны камтыган бул долбоордун жалпы кубаттуулугу – 912 мегаватт. Бул ГЭСтер каскадынын жылдык электр кубатын өндүрүүнүн орточо көлөмү 3,75 млрд киловатт сааттан ашат. Инвестициянын көлөмү 3 млрд долларга жакын каражатты түзөт. Долбоор “Орта Азия Инвестмент Холдинг” ачык акционердик коому менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылат. 

“Бүгүн пайдубалы түптөлүп жаткан “Казарман ГЭСтер” каскады долбоорун Кыргызстандын энергетикалык келечегин аныктаган стратегиялык долбоор катары карашыбыз керек. Ал колдонууга берилгенде өлкөбүздүн энергетикалык дарамети дагы да жогорулап, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө жана келечек муундардын бакубат жашоосуна кызмат кылат деп ишенем”, - деп баса белгиледи мамлекет башчысы. 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media