Бишкек Жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө

Бишкек Жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө

Бишкек шаарындагы ЖЭБде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө даярдык көрүү максатында оңдоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, алдыдагы жылытуу мезгилинде негизги жана көмөкчү жабдуулардын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга багытталган.

Оңдоо иштеринин алкагында казан агрегаттарына, турбоагрегаттарга, ошондой эле көмөкчү жабдууларга капиталдык жана учурдагы оңдоолор жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жабдуулардын техникалык абалын диагностикалоо, техникалык тейлөө жана эскирген түйүндөр менен тетиктерди алмаштыруу иштери аткарылып, бул жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Оңдоо иштеринин комплексин ишке ашыруу жылуулук жана электр энергиясын туруктуу өндүрүүнү, ошондой эле максималдуу жүктөмдөр мезгилинде борбор калаанын тургундарын ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

DemirBankтан 100 000 сомго чейинки кэшбек менен ипотека

РФнын 8 аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө чектөө киргизүү пландалууда

Ошто мыйзамсыз аңчылык кылган жаран 10 миң сом айыпка жыгылды

Бишкек шаарынын тургундары мэрия өкүлдөрү менен жолугушту

Чүйдөгү абакта электр прожекторлорун өндүрүүчү жаңы цех ишке кирди